super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Күйөөм келбей коёбу деп корком"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Күйөөм келбей коёбу деп корком" деген тема талкууга алынды.

Темадагы автордун билдирүүсү: "Турмушка чыкканыма 2 жыл болду, тилекке каршы, балалуу боло албай жатабыз. Жолдошум 1-курсту бүткөндө эле ала качып кетип, кайнатамдар окутабыз дешкен. Бирок бюджеттик негиздеги окуумду келишимдик негизде сырттан окуу бөлүмүнө котортуп коюшту. Учурда 3-курсмун, эми кайын журтум "окубайсың" деп окуумдун акчасын төлөбөй жатышат. Акчасы жок дейин десем, бай жашашат. Анан да дарыгерге көрүнүп, балалуу болуу аракетин көрөйүн десем кайненем "бекер эле убара болуп акчаны коротуп жатасың, сен төрөбөйсүң" деп жанымды кейитти. Жолдошума айтсам, ал акчасы жок экенин айтты. Жиним келип ата-энеме чалып ыйласам, апам "үйгө кел, окууңдун акчасын биз төлөйбүз" деди эле төркүнүмө кетип калдым. Жолдошум чалып, эмнеге айтпай кетип калдың, андай болсо таптакыр келбе" деп телефонду өчүрүп койду".

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Күйөөңө кайра бар, бир окуу деп тагдырыңды талкалап алба. Окууңдан азырынча академиялык өргүү алып тур, убагы келгенде алдап-соолап бүтүрүп аласың. Өзүңдү жылуу карма, дарылан, жашап кетүүгө аракет кыл. Мени да "окууңду бүтүрөбүз" деп ала качып кетишкен, кайдан, эч нерседен жок калдым, ишим да бар болчу, ажырашып тындык, эми болсо окугум да келбейт".
"Үй-бүлөңдү сактап кал, күйөөң менен сүйлөшүп көр, негизи дарыгерге көрүнүшүң керек, сабырдуу бол".
"Ушунчалык жеңил ойлойбуз жашоону. Апаң сени үйгө чакырбаш керек болчу. Эң негизгиси ката жана ажырашуунун көбөйүшүнө себепчи ата-энелер өздөрү".
"Келет, болгону 3 күн эле болуптур го. Аялын кетирип коюп өзүн бойдок сезип кыйын болуп жатат да. Сагынганда кайрылат кайра".
"Жаш экенсиңер, көргөндөн көрө элегиңер көп. Анан жашабай жатып эле ажырашканыңар туура болбойт. Адамга эң негизгиси өмүрлүк жар керек. Сенин сурабай эле кетип калганың эң чоң катачылык. Миң урушуп-талашканда деле бир ооз сурап кетүү керек. Болор иш болду, кичине сабыр кылып күйөөңдү күт. Бир жума, он күндөй күт, эгер келбесе, чалбаса, анан акырын СМС жазып кой: "Сиз мени сүйбөйт окшойсуз, ээ?" деген сыяктуу сөздөр менен. Бул күйөөңдүн жүрөгүн жибитет, анан ойлонот, "кой эми, бул менин аялым, сүйүктүүм" деп".
"2 жыл аз эле убакыт го. Кээ бирлер 10 жыл күтүп, балалуу болуп жатышпайбы. Адамдар кызык эле, курбум да турмушка чыкканына эми 8 ай болуп, "боюмда болбой жатат" деп ыйлактап жүрдү эле. Тийгенде эле шарт болушу керек, болбосо эле төрөбөскө чыгарып коюшат. Кайра барсам тигинтип сүйлөшөт дебей эле барыңыз! Күнөө өзүңүздө, күйөөңүз сизге ким? Кеңешпейсизби, ушундай болду деп, апаңызга чалып ыйлактабай. Андан башкасын элестете албасаңыз, сабыр кылганга үйрөнүңүз да".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
06.03.2017. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биоонун жашоосун неге жарыя кыласынар (
06.03.2017. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул жарыя кылгандык эмес жардам сурап айласыздан жазганга киретго менимче. Мумкун автор ушул жерде жазылган пикирлердин баарын окуп арканды алыс таштап кенен ойлонуп акыры бактылуу уй-було болуп кетишээр.
06.03.2017. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул теманын башталышы гана. Баян узарып отуруп коп бет болуп кеткен. Окугум келген, бирок латын тамгасы менен жазылгандыктан, коз ооруп кетет да...
06.03.2017. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
2015жылы жазылган темаго. Булар жарашып бактылуу жашап жаткандыр.Балалуу да болгондур.
06.03.2017. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Коп эле адамдар башында окутабыз ой кыйратабыз деп асмандан суйлошот иш жузуно келгенде берген убадасына турушпайт акчасын ойдо коюп. Окутабыз дештиби окутуш керек эле. Оздорунун кызын ошол келиндин ордуна коюп корушсун да. Бироонун кызын бироо аябайт. Автор сизге айтарым окунузду таштабан. Куйоонуз чындап конулу болсо келет болбосо келбейт. Куйоо табылат туз журсонуз а жаштык келбейт кайра. Женил ойлу эркектер кобоюп кетти.
06.03.2017. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алгычакты алтыным.
Алгандан кийин катыным.Окунучтуу...
06.03.2017. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жарыялабай эле койбопсунар бул теманы ,автор мн куйоосу эки жолго тушкон билишимче!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: