Азия Кубогу-2019: Кыргыз - Макао беттешине билеттер 18-марттан тарта сатыла баштайт

Футбол боюнча Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргыз өлкөсүнүн футболчулары менен Макао 28-март күнү кез келет. Футбол федерациясы билдиргендей бул оюнга билеттер 18-марттан тарта сатыкка чыгат.
Аталган оюн Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Билет баасы 200 сомдон 500 сомго чейин сатылары күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, 2019-жылы өтө турган Азия Кубогунун тандап алуу оюндарында Кыргыз өлкөсү Макао, Индия жана Мьянма командалары менен күч сынашат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Менин билишимче 3:0го женди эле!
Кийинки оюнда женилген окшойт анда, бир жылы женген эле 3:0 го
Жокудай бол кыргызымдын АК ШУМКАР жигиттери