Ананьеводо ымыркайды төрөтө албай калган акушерлерге катуу чара көрүү сунушталды
Ысык-Көл облусундагы Ананьеводо ымыркайын төрөтө албай, башы чыккан бойдон Чолпон-Атага жөнөткөн акушерлерге катуу чара көрүү сунушталды. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардам көрсөтүү башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева SUPER.KG порталына билдирди.
"Учурда акушерлерге катуу чара көрүү сунушу кароого жиберилди. Сунушту министрликтин бардык бөлүмдөрү, юристтер карап чыгышат. Ал эми окуянын бардык катышуучуларынан көрсөтмө, түшүнүк каттар алынды. Эми оорукананын жетекчилеринен түшүнүк кат күтүп жатабыз", - деди Асылбашева.
Жыйынтыгы жакынкы күндөрү белгилүү болот. Раиса Асылбашева кандай чара көрүлөрүн азырынча айтылбашы керектигин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:20
2025-07-05
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Istina1000

08.03.2017. 23:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо, тообо.... Айтарга созум жок, чындыгында. Эмне деген мамлекет болуп баратабыз... Кайсы багытты караба, жалан эле кайдыгерлер, озунун ишин билбегендер, жоопкерчилиги жоктор, чабалдар, айта берсен тугонгус... Манкуртизм башталган го, сыягы.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.