Сузакта Ооган согушунун катышуучусу аялын, баласын бычактап өлтүрүп, андан соң өз өмүрүнө кол салган

Сузак районунун Ырыс айыл округунда Ооган согушунун катышуучусу аялын, баласын бычактап өлтүрүп, андан соң өз өмүрүнө кол салган. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 6-март күнү саат 15:30 чамасында Сузак РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге милиция, прокуратура кызматкерлери барышып, турак үйлөрдүн биринин жанынан 1962-жылы туулган үй ээси К.Анын жансыз денесине күбө болушкан. Кийин үйдүн короосунан үй ээсинин 1963-жылы туулган Э.Х. аттуу аялынын, үйдүн ичинен 1996-жылы туулган К.А. аттуу баласынын жансыз денелери табылган. Ал эми 1988-жылы туулган К.Р. аттуу кызы аймактык ооруканага жеткирилген.
"Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, 1962-жылы туулган үй ээси Ош облусундагы психикалык ооруканада дарылануудан өтүп турчу. Ал Ооганстанда кызмат өтөп, ошол жакта катуу жабыркаган. 5-март күнү үй-бүлөдө чыр чыккан. Ал эми 6-март күнү эртең менен үй ээси "мечитке кеттим" деп кетип, кайра саат 15:00дө келип, үй-бүлө мүчөлөрүн бычактаган. Андан соң өзүнө бир канча жолу бычак сайган. Учурда "адам өлтүрүү" боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

камап же жоопко тарта албайт
деп укканым бар
Кимди жоопко тартмак эле, бычактаган адам озу каза болсо.
Толук жазбай калыпмын
эгер туруу калганда деген ой болчу