Бишкекте жаңы аймактык милиция бөлүмчөлөрү ачылды
Шаар тургундары эми өздөрүнө жакын жердеги милицияга кайрыла алышат


Шаар тургундары эми өздөрүнө жакын жердеги милицияга кайрыла алышат

Шаар тургундары эми өздөрүнө жакын жердеги милицияга кайрыла алышат

Жаңы ачылган милиция бөлүмчөлөрү

Милиция кызматикерлери жетекчиликти тосуп алуу алдында

Кезектеги таяныч пункттун ачылыш аземи
2-майда Бишкек шаарынын Дүйшөмбү, К.Жантөшев көчөлөрүндө жана Алтын-Ордо, Кара-Жыгач жаңы конуштарында жаңы аймактык милиция бөлүмчөлөрүнүн ачылышы болду. Иш-чарага Ички иштер министри Абдулда Суранчиев, Бишкек шаардык ИИББинин башчысы Мелис Турганбаев жана башкалар катышты. Турганбаев шаардагы жаңы конуштарга дагы 40 даана милиция бөлүмчөлөрү ачыла турганын айтты. “Бул бөлүмчөлөрдү ачуунун максаты милиция менен элдин кызматташтыгын жакындатуу болуп саналат. Мурда аймактык милицияга жолугуу үчүн жарандар шаардын бир четинен экинчи четине баруусу керек болчу. Эми бул бөлүмчөлөргө кайрылышып, жашоочулар маселелерин тез чечип алууга шарт түзүлөт”,- деди Мелис Турганбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

