super.kg logo

Адис: "Бишкекте акыркы эки жылда балдарын эмдөөдөн өткөрбөгөн ата-энелердин саны өстү"

 

Бишкек шаарында ымыркайларын эмдөөдөн баш тарткан ата-энелердин саны акыркы эки жыл аралыгында көбөйгөн. Маалыматты Бишкек шаардык иммунопрофилактикалык борбордун башчысы Бурул Асыкбекова билдирди. Борбор калаанын башкы иммунологу бул жаатта ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турарын белгиледи.

"Бишкек шаары боюнча күндө эмдөө жүргүзүлөт деп айтсак болот. Бирок акыркы жылдары ата-энелер балдарын эмдетүүдөн баш тартышууда. Маселен, өткөн жылы баш калаада 22 миңден ашуун бала төрөлсө, анын ичинен 10 пайыз бала эмдөөдөн өткөрүлгөн эмес. Эмдетүүдөн баш тарткандардын 72 пайызы диний көз караштан улам дешсе, 9 пайызы вакцинанын сапаттуулугунан шектенишкендер болот. 1-2 пайызы гана маалыматы жоктугунунан эмдетпегени аныкталган.

Сапатынан күмөн санагандар башка шаарлардан эмдетип же жеке менчик ооруканаларга кайрылышат. Дарыгерлер вакцинанын курамы жана саламаттык үчүн кепилдиктери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишет. Биз дарыгерлер менен семинарларды өткөрүп турабыз. 2015-жылы кызылча оорусу күч алганда баары эле балдарын эмдетишкен. Кийин кайра баш тарткандардын саны өсүп кетти. Муфтият менен биргеликте эки күндүк семинар өткөргөнбүз. Муфтияттын өкүлдөрү эмдөө динге каршы келбесин айткандан кийин мусулман аялдарынын укугун коргоочу "Мутакаллим" уюмунан 10го жакын аялдар келип балдарын эмдетип кетишкен", - дейт Бурул Асыкбекова.

Бишкек шаарынын тургуну Салима Сүйүнбекова бир жашар уулуна эмдөөдөн өткөргөн эмес. Ал вакциналар тууралуу пикирлерди интернеттен окуп, баласын эмдетүүдөн баш тартканын айтат.

"Интернет булактарынан Орусиянын окумушутуулары айткан маалыматтарды окуп чыктым. Эмдөөдөн баш тартканыма биринчи ошолор себеп болду. Ал жакта эмделген балдар ар кандай ооруларга дуушар болушу жазылган экен, мисалы, шал болуп калат деп. Ошондон кийин жолдошум менен кеңешип уулубузга вакцина алдырбай коюну чечтик. Дарыгер балаңды эмдөөдөн өткөр деп жүрдү. Кийин невропаталогго жиберди, текшерүүдөн өттүк. Андан соң "силерди мажбур кыла албайм. Өзүңөр билесиңер" деди. Уулубуз башка балдар сыяктуу жөтөлүп, тумоологону болбосо жакшы эле чоңоюп жатат",- деди Сүйүнбекова.

Эмдөөдөн баш тарткан ата-энелердин саны башка аймактарда да өсүп жатат. Өткөн аптада Ош облусундагы Араван райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы Медет Аскаров балдарын жугуштуу ооруларга каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелердин саны жыл башынан бери 42ге жеткенин билдирген эле.

Кадамжай районундагы үй-бүлөлүк медициналык борбордун дарыгери Малика Ганиева төмөнкүлөрдү билдирди. "Бизде эмдөөдөн баш тарткандардын саны акыркы 2-3 жылда көбөйө баштады. Биз алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Көп учурда жыйынтык бербейт. Кайсы ата-эне эмнеден улам эмдөөдөн баш тартканын иммунолог каттап турат. Эмдөөдөн өткөн бала менен эмделбеген баланын өсүшү бирдей эле. Эмдөөдөн баш тарткандан кийин кайсы бир ооруга чалдыккан факты жок", - деди.

Ал эми Кыргыз мамлекетиндеги мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адиси Бактыяр Токтогазы уулу эмдөө динге каршы келбесин айтат.

"Ислам дининде эмдетпегиле деген нерсе жок. Балдарын эмдетпегендердин баары диний көз караштан улам дегенине кошулбайм. Ата-энелердин ар биринин өз себеби бар болушу мүмкүн. Интернет булактарынан окуп, баланын ден соолугуна зыян деп чечим чыгарышса керек", - дейт Бактыяр Токтогазы уулу.

Айта кетсек, жаңы төрөлгөн ымыркайга алгач вирустук гепатиттин В түрүнө жана кургак учукка каршы эмдөө жүргүзүлөт. Андан кийин 1 жашка чейин көк жөтөл, кептөөр, гемофилия инфекциясынын "b" тибине каршы, шал оорусуна каршы, кызамык жана кызылчага каршы, пневмокок оорусуна каршы, менингитке каршы эмделет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(8)
07.03.2017. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Даарынын сапатына кепилдик беришсе,эмдетуу керек,,,,болбосо кереги жок!
07.03.2017. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ошол эмдоодон коп балдар олуп жатат
07.03.2017. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ким билет эмнени эмдеп жатканын бизде текшерген лабаратория жок болсо эгер
08.03.2017. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Прививкадан кийин бир эженин баласынын 2буту тен баспай калды...азыр дцп эн сложный туру байкуш эже 5 жылдан бери кыйналып багып келет...
08.03.2017. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура кылат
08.03.2017. 04:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бир сайттан окуп алып жаман акыбылда калганмын.Привывканын мазмуну (Славый должен умереть)деп жазылып турат.Кудайым ОЗУ сактасын балдарыбызды.
08.03.2017. 05:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Онуккон мамлекеттерде эмдоо кылышпайт экен м:Германя,Японя ж,б.мамлекеттерде.Зыяны бар да ошон учун балдарын эмдешбейт.!!!
08.03.2017. 08:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмдоо боюнча [moderated]дан издесенер Шайлообек устаздын тушундурмосу бар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: