Стокгольм дүйнөдөгү эң таза борбор шаар деп табылды











Швециянын борбору Стокгольм дүйнө жүзүндөгү борбор шаарлардын ичинен экологиялык жактан эң таза шаар деп табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн, 7-мартта жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, британиялык "The Telegraph" гезити Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына таянып, дүйнө жүзүндөгү экологиялык жактан эң таза деп табылган 10 борбор шаардын тизмесин жарыялаган.
Анда Стокгольмдон кийинки орунда Веллингтон (Жаңы Зеландия), 3-орунда Канберра (Австралия) болгон. Калган 7 шаардын ичине Оттава (Канада), Эдинбург (Шотландия), Монтевидео (Уругвай), Таллин (Эстония), Хельсинки (Финляндия), Монте-Карло (Монако) жана Мадрид (Испания) кирген.
Ал эми абасы эң кир деп Сауд Арабиянын борбору Эр-Рияд аталган. Ошондой эле Нью-Дели (Индия) жана Доха (Катар) шаарлары дагы кир борбор шаарлардын катарын толуктаган.



Убакыт отуп, ажыдаарлар башкарган заман келип, козуно корунгонун жей беришип, ошол кооздуктун баары жоголгон. Тазалык, жашыл бак дарактарга конул бурулбай баардык нерседен артта калдык.
Ушуну менен жомок аяктады балдарым.
Бирок эл деген бир падыша келсе ошол тазалык, кооздук баары кайтып келет.
Себеби тазалай турган жарандарыбыз азыр орусиянын кочолорун тазалап шыпырып журушот
Ал Эми азырчы?
Азыр зээнин кейийт.
бироонун катыны бироого кыз корунот дегендей,
Биздин КЫРГЫЗСТАН эн кооз деп коркпой чет жактагы досторума айталам,