ЖЫЛНААМА, 8-МАРТ: Аялдардын эл аралык күнү
Бүгүн, 8-Март - Айымдардын эл аралык майрамы. 1908-жылы 8-Мартта аялдардын социал-демократиялык уюму кыз-келиндердин укуктарын коргоо максатында массалык митингдерди уюштурган. Ал эми 1910-жылы Копенгагенде болуп өткөн социалист аялдардын II эл аралык конференциясында Клара Цеткиндин демилгеси менен бул майрамга "эл аралык" деген статус берилген.Ошентип, 8-Мартты бүткүл дүйнөлүк аялдардын экономикалык, социалдык жана саясий теңчилиги үчүн күрөштө эл аралык тилектештигинин күнү катары белгилөө кабыл алынат. 1911-жылдан баштап 8-Март майрамын белгилөө Европа мамлекеттеринде жайыла баштаган. Бир топ өлкөлөр бул майрамга мамлекеттик майрам деген макам беришкен. Ал эми 1975-жылы 8-Марттын эл аралык статусу Бириккен Улуттар Уюму тарабынан да бекемделген. 8-Март майрамынын башатында адегенде аялзатынын социалдык-экономикалык жана укуктук талаптары турган болсо, бул бара-бара аялзат турмушундагы ар кандай өзгөрүүлөр менен кошо өзгөрүп, жаңы өңгө ээ болуп, азыркы учурда жалпы аялзатына урмат-сый тартуулай турган нагыз майрамдык мазмунга ээ.
8-мартка карата жылнаама
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1
1
Комментарийлер(3)
Aman97kg
08.03.2017. 08:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бугун 8-март аялдардын эл аралык майрамы менен кутукаймын
Rasul1987
08.03.2017. 08:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алтышкалар, майрамыңар менен куттуктайм! Кааларым чын ден соолук, узун өмүр, чексиз бактылуулукту каалайм! Бар болгула.
s.sweet
08.03.2017. 10:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмаат жигиттер
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















