Ош шаарында 8-март майрамынын урматына кыз-келиндер арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү









Ош шаарында 8-Март майрамынын урматына аялдар арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 8-мартта Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-Март - аялдардын эл аралык күнүнө карата аялдар арасында волейбол жана баскетбол мелдеши орун алды. Мелдешке мекеме-ишканалардын, күч курамдардын жана билим берүү, медицина ошондой эле коомдук уюмдарда эмгектенген кыз-келиндер катышышкан.
"Айымдардын майрамдык маанайын көтөрүү менен, сергек жашоого үндөө максатында спорттун волейбол жана баскетбол оюну боюнча мелдеш уюштурулду. Жыйынтыгында жеңүүчү аталган командаларга баалуу белектер тапшырылды", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.