Кылмыш-жаза кодексине толуктоо киргизилди
2-майда президент Алмазбек Атамбаев "КРнын Кылмыш-жаза кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 28-мартында кабыл алынган. Кылмыш-жаза кодексинин 67-беренесине киргизилген толуктоого ылайык, эгерде иммунитетке ээ адамга карата жазык иши козголсо жана иммунитеттин болгонуна байланыштуу ал токтотулса, анда ушул учурда эскирүү мөөнөтү токтотула турат. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

