super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Кара-Суудагы Шералы айылынын тургундары таза суу үчүн 15 чакырым басышат

 

Оштогу Кара-Суу районуна карашту Шералы айылынын тургундары таза суу үчүн 15 чакырым басышат. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"25 жылдан бери көйгөйлүү суу маселеси чечилбей келет. Айыл өкмөттөн эч кандай жардам жок. Кары-картаң үй-бүлөлөр үчүн 15 чакырым алыстыктан суу ташып келүү чоң көйгөй. Жогору жактан элдин көйгөйүн бир да адам уккусу жок. 1500 тургун жашаган айылга каналдан суу 1 айдан бери келбейт. Жылда эки айдан ашуун убакытка каналдагы суу токтойт. Оорукчан адамдар жыл сайын көбөйүүдө. Каналдан аккан сууга эч ким кепилдик бере албайт. Башка жактан келген бир да адам ал каналдан суу ичпейт", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
08.03.2017. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул айыл Кара-Сууга эмес Озгон районуна карайт го
08.03.2017. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
salihalady,
Кара суу районунда да бар шерали айылы отуз адыр айыл окмотуно караса керек
08.03.2017. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир эле Шераалы эмес,ошого жакын биздин айылдарга да суу жок!Бул маселе мен тороло электен бери чечилбей келет!Уга турган,жасай турган азамат жок!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: