super.kg logo

Австралияда аялдын сөлөкөтү түшүрүлгөн жол чырактар пайда болду

 

Австралиянын Мельбурн шаарында аялдардын сөлөкөтү түшүрүлгөн жол чырак пайда болду. Алардын саны азырынча 10 даана. Бул тууралуу бүгүн, 8-мартта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, жол чырактардын ичиндеги кадимки эки буттуу сөлөкөттөргө юбка кийгизилип, алар аялга айланышкан. Мындай өзгөрүүнү Виктория штатынын бийлиги коомдук уюмдардын биринин демилгеси менен жасаган.

Бул жаңылык көпчүлүктүн кызуу талкуусуна алынды. Гезиттердин бири жаңы жол чырактар боюнча атайын сурамжылоо жүргүзүп, катышуучулардын 94 пайызы юбкадагы фигуралар алардын маанайын көтөрбөгөнүн, бийлик аларды жасоого кеткен акчаны башка пайдалуу ишке жумшаса жакшы болмок экендигин жазышкан. Ал эми аялдардын көпчүлүгү аял менен эркектердин тең укуктуулугун мындай жол менен эмес, олуттуу кадам менен чагылдыруу керектигин билдиришкен. Айтмакчы, бул идеяны ишке ашырган коомдук уюмдун жана шаардык бийликтин максаты гендердик теңсиздикти жөнгө салуу болгон.

Эске салсак, 2014-жылы Бишкектеги активисттердин демилгеси менен, шаардын Абдрахманов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги жол чырактага "жылмайып туруучу" белгилер коюлган. Анын айтымында, иш-чаранын негизги максаты элге позитивдүү маанай тартуулоо болгон. Бирок мэрия уюштуруучуларга жол чырактардагы быйтыкчаларды алып салууну айткан соң, быйтыкчалар жол чырактардан алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
09.03.2017. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Обу жоктук!!!
10.03.2017. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба кылдым ушул жерге эле аялдар жетпей жаткан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: