super.kg logo
  Саясат  

КҮНСЕРЕП: Аялдардын күнү жалгыз 8-Март эмес

 

Бүгүн, 8-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бүгүн, 8-Март - Аялдардын эл аралык күнү. Бул майрамдын тарыхына көз салсак, 1908-жылы 8-мартта аялдар уюму кыз-келиндердин укуктарын коргоо максатында массалык митингдерди уюштурган. Эки жылдан кийин Копенгагенде болуп өткөн социалист аялдардын II эл аралык конференциясында Клара Цеткиндин демилгеси менен бул майрамга "эл аралык" деген статус берилген. Ошентип 8-Мартты бүткүл дүйнөлүк аялдардын экономикалык, социалдык жана саясий теңчилиги үчүн күрөштө эл аралык тилектештигинин күнү катары белгилөө кабыл алынган. Бул майрам Кыргыз Республикасында жыл сайын кызуу белгиленет. Куттуктоолор менен катар аялдардын укугу, алардын коомдук-саясий турмуштагы орду тууралуу сөз болуусу кажет. Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан бери маанилүү окуяларга эркектер менен катар аялдар активдүү катышып келет. Мамлекеттик деңгээлдеги чечимдерди кабыл алууда алардын бүгүн өз үнү бар. Мамлекеттик бийликтин аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бутактарында жетекчилик орундарды ээлеген аялдар бар. Мисалы, Жогорку Сотту, Башкы прокуратураны, Билим берүү жана илим министрлигин, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигин бүгүнкү күндө аялдар башкарат. Мындан тышкары эл аралык спорттук мелдештерде жана ыр, бий, кино сынактарында айымдар ийгиликтерге жетип, Кыргыз желегин дүйнөгө таанытып жатышат. Бирок эгемендүү Кыргыз мамлекетинде мамлекеттик кызматтарда гендердик баланстын сакталбай жатканын Жогорку Кеңештин мисалынан көрсө болот. Учурда парламентте 19 аял депутат бар. Жогорку Кеңеште гендердик балансты сактоо үчүн атайын квоталар каралган, бирок мандат бөлүштүрүүгө келгенде бул квоталар эркектерге берилип калган учурлар көп. Мындан тышкары өлкөдө үй-бүлөнүн, замандын жүгүн тарткан аялдардын укугу тебеленип, корголбой жаткан окуялар да абдан көп.

Статистикага таянсак, өлкөдөгү аялдардын 10 пайызга жакыны 18 жаш курагына толгонго чейин, анын ичинде 1 пайызы 15 жашка толгонго чейин турмушка чыгышкан. Кыргыз жеринде аялдардын 58 пайызы үй-бүлөдө зордук-зомбулукка кабыларын Улуттук статистика комитети билдирүүдө. Бул расмий катталган сандар гана, катталбаган никелешүүлөр жана зордук-зомбулук фактыларынын көптүгү да жашыруун эмес. Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, Кыргыз өлкөсүндө ай сайын калктын аярлуу катмарынын 3000ден ашуун өкүлү зордук-зомбулуктун сексуалдык, моралдык жана физикалык түрлөрүнө, ала качууга, жана башка кордуктарга кабылып келишет. Мындай терс көрүнүштөр айыл жергесинде айрыкча көп кезигет. Бөтөн жерге акча табуу үчүн мигрант болуп кеткен кыздардын оор тагдыры да көӊүл өйүгөн маселе. Чет өлкөлөрдө, көбүнчө Түркияда, Орусияда, Казакстанда ур-токмокко жана зордук-зомбулукка кабылган кыргыз кыздары тууралуу фактылардын улам-улам кайталанып жатышы өкүнүчтүү. Орусияда иштеп жүрүп минималдуу шарттарга жетпей дааратканада төрөп, айылда үй-бүлөсү алган кредитти төлөө үчүн бели ката элек кезинде барып суукка тоңуп өлгөн, тирүүлөй өрттөнүп кеткен, өздөрүн эр сезген жарма патриоттордун ур-тепкисинде калган, Түркияда сабалган кыздардын окуялары бир нерсени даана көрсөтөт. Кыргыз мамлекетинде аялдар тийиштүү деңгээлде корголгон эмес. "Кайсы элден жүдөө көрсөң зайыпты, ошол элдин уулуна кой айыпты" демекчи, айымдарды сыйлоо, аларга кам көрүү, үй-бүлөнү багуу эркектердин милдети. Бирок жашоо-шартка байланыштуу бүгүнкү күнү айымдар эркектер менен теӊ жарыша иштеп, айрым учурда эркектердин ишин аткарып жатышат. Президент Алмазбек Атамбаев 6-мартта мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде эркектердин жалкоолугун катуу сынга алды. Аялдар бүгүн эле эмес, күндө куттукталууга татыктуу. Жигиттер аларды ур-тепкиге алып "тарбиялоого", жарандык укуктарын тебелөөгө эмес, аларга кам көрүүгө милдеттүү...






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: