СУПЕРСТАН: "Апаке, мен сизди жакшы көрөм, жок, мен сизди жанымдан артык көрөм, сүйөм, энеке!"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эне, сага кандай мактоо жарашат? Эне, сенден ким сыймыкты талашат" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Эне - бул дүйнөдө ар кандай асыл таштан, алтындан, миллиондогон акчадан кымбат. Биз жаман адамга айланып, кылмыш, күнөө иштерди кылсак, бизден баары жүзүн тескери буруп кетет. Бир гана энебиз бизден жүзүн бурбайт. Апам бизди кичинебизден эч нерседен кем болбосун деп тытынып иштеп, өзү кийинбей бизге берди. Көп жылдан бери талаалап жүрөм. Ата-энеме деп белек-бечкекке акча берсем, сөзсүз чоң агамдын үйүнө азык-түлүк алат экен. Аны эч кимге айтпайт. Эненин жүрөгү дайыма бала деп согот тура. Ушулар да биз жеген нерсени жесин деп тамагынан өтпөйт экен. Бир жолу катуу ооруп калдым. Апам мени менен кошо ооруп, жанымдан жылбай жаш баладай карап чыкты. Колума көтөрүп жүргүм келет. Бирок турмуш экен, белек-бечкек беримиш болобуз да, өз турмушубуз менен кетебиз".
Кыйшайсам оңдоп-түздөгөн апам.
Кайда мен тентип барбайын алыс,
Жүрөгүм дайым сиз менен, апам".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.



Апам бар болсун
Жалпы аял заты майрамыныздар мн!