Чүйдө кабель үзүлгөндүктөн эртең менен түшкө чейин 3 облуста интернет убактылуу жок болду

Бүгүн, 8-мартта саат 04:37де Чүй облусунун Краснореченск айыл өкмөтүндө интернет өткөрүүчү зымдар үзүлгөн. Бул тууралуу "Кыргызтелеком" ишканасынан билдиришти.
Маалым болгондой, мындан улам Нарын, Ысык-Көл облустары толугу менен жана Чүй облусунун бир бөлүгү интернетсиз калган. "Белгисиз адамдар жезден жасалган кабелди уурдашканынан зымдар үзүлгөн. Жалпысынан 250 метр кабель уурдалыптыр. Кызматкерлер оңдоо иштерин жүргүзүп, саат 12:18де аталган аймактар интернет менен камсыздала баштаган", - дешти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Керек болсо болгарка менен кесиш керек