Кыргыз мамлекети дүйнө жүзү боюнча жарды өлкөлөрдүн катарына кирди
Кыргыз мамлекети 2016-жылдагы Ички дүң продукциянын көрсөткүчү боюнча дүйнө жүзүндөгү жарды өлкөлөрдүн рейтингинде 148-орунду ээледи. Жыйынтык эл аралык валюта фондунун 189 өлкө боюнча берген маалыматынын негизинде чыгарылган. Бул тууралуу америкалык Глобал финанс басылмасы жазды.
Маалыматка караганда Кыргыз Республикасында 2016-жылдагы ИПДнын көрсөткүчү жашаган калктын ар бирине эсептегенде 3467 Америка долларына барабар болгон. Бул көрсөткүч дүйнө өлкөлөрүндөгү төмөнкү көрсөткүчтөрдөн болуп эсептелинет.
Рейтингде Ооганстан 167, Тажикстан 157, Өзбекстан 127, Түркмөнстан 74, Казакстан 54-орунга жазылган. ИПД көрсөткүчү төмөн болгон эң жарды 20 мамлекеттин басымдуу бөлүгү Африка континентиндеги өлкөлөр. Бай мамлекеттердин үчилтигине Катар, Люксембург жана Макао кирди.
Ички дүң продукция (ИДП) – мамлекеттин экономикалык өнүгүүсүн аныктаган негизги көрсөткүчтөрдүн бири болуп, дүйнө өлкөлөрүнүн экономика боюнча ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын мүнөздөп, көрсөтүлгөн мезгил ичинде өсүүнүн тездигин, деңгээлин көрсөтөт. Ички дүң продукциянын ар бир жашаган адамга эсептелинген көрсөткүчү калктын жашоо деңгээлинин көрсөткүчү катарында колдонулат.


Бизди жыргап кетти дейсинби... Казакстан азамат!
Жазбай эле коёт да таң атпай өзү Настроения жок болуп жүргөндө +настроения кылып...ай ай аййй да башка не сөз...