Курманбек Бакиев БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылмакчы
Беларусь ММКлары 7-мартта Кыргыз Республикасынын качкын президенти Курманбек Бакиевдин интервьюсунун видеосун жарыялашты. Бакиев 2015-жылы чет элдик ММКларга интервью берген бойдон маек бере элек эле. Бул маек да көпчүлүктүн кызыгуусун жаратты.
Курманбек Бакиев Кыргыз мамлекетинде бүгүн укуктук талаа жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эместигин айтып, азыркы мамлекет башчынын БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечимин тааныбоо үчүн Конституцияны өзгөртүү керектиги жөнүндө айткан сөзүн мисал кылды. Президент өзү мыйзамсыздыкка жол ачып жатканын айтат. Бакиев өзүнүн сырттан соттолгону боюнча БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылууга документ даярдап жатканын билдирди.
Курманбек Бакиев 2014-жылы Аскердик сот тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган. 2016-жылдын 29-июлунда Жогорку Соттун соттук коллегиясы Курманбек Бакиевге карата чечимди өзгөртүп, аны 30 жылга эркинен ажыратуу чечими чыккан.
Курманбек Бакиев 7-апрелдеги революция тууралуу эмне дейт?


