super.kg logo
  Саясат  

Президенттин парламенттеги өкүлү: "Мамлекет башчынын "парламент тарап кетсин" деген сөзүнө комментарийдин кереги жок"

 

"Мамлекет башчынын "парламент тарап кетсин" деген сөзүнө комментарийдин кереги жок. Мааниси, маңызы түшүндүрүлүп турат", - деп Жогорку Кеңештин жыйынында президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаев билдирди.

Ал президент Алмазбек Атамбаевдин 6-мартта мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу учурунда парламент тууралуу айткан сөзүн окуп берди.

Мындан тышкары, Молдакун Абдылдаев "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Наталья Никитенкону карапайым элдин атынан сүйлөбөөгө чакырды.

"Карапайым элдин атынан саясий багыттагы иштерди палатага алып чыгууга депутаттардын укугу жок. Бир партияга сын-пикирлер айтылгандан кийин палатада карагандан көрө фракцияга алып келип караса жакшы болот эле. Бул партия тууралуу ММКларга көп материалдар чыгып жатат. Кийинки мезгилде 1-сентябрдан баштап ушул партиянын тегерегиндеги сөздөр ушуга чейин токтобой келе жатат. Буга эл күбө", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: