12 куту димедрол дарысын саткан сатуучуга 2 миң сом айып салынды
12 куту димедрол дарысын саткан сатуучуга айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта SUPER.KG порталына Дары менен камсыздоо департаментинин адиси Нурдин Кагаздиев билдирди.
"Дарыкананын сатуучусу боюнча ишти Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту карап, соттук отурум өткөрүлдү. Жыйынтыгында сатуучу кызга 2 миң сом өлчөмүндө айып салынды", - деп билдирди Кагаздиев.
Буга чейин дарыкананын кызматкеринин иши каралып, Дары менен камсыздоо департаменти тарабынан сотко өткөрүлүп берилген.
Эске салсак, буга чейин 13-февралда Бишкек шаарынын тургуну, 21 жаштагы кыз 12 куту димедрол дарысын сатып алып, анын 30 даанасын ичип ооруканага түшкөн. Жыйынтыгында жабырлануучу кыздын апасы сатуучунун эрежеге ылайыксыз аракетин териштирүү максатында департаментке арыз менен кайрылган.








1 |