super.kg logo
  Саясат  

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн иш сапары менен Талас облусуна барды

 

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-мартта бир күндүк жумуш сапары менен Талас облусуна барып, «Тараз-Талас-Суусамыр» унаа жолун реконструкциялоонун үчүнчү фазасынын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы мамлекет жол-транспорттук инфрастуруктурага өзгөчө маани берип жаткандыгын белгилеп, андагы бардык техникалык нормалардын сакталышына өзгөчө басым жасоо керектигин эскертти.

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов учурда «Тараз-Талас-Суусамыр» авто жолунун 75-105-чакырымында реконструкциялоонун үчүнчү фазасы жүрүп жатканын маалымдады. Реабилитациялоонун үчүнчү фазасы жана Талас шаарынынын ичиндеги жол кошулуп, 2017-жылдын август айына чейин бүткөрүлөрүн кошумчалады. Оңдоо иштерин каржылоо эл аралык финансылык институттар жана өкмөт тарабынын жүргүзүлүүдө.

Премьер-министр иштин сапаттуу аткарылышына басым жасады. Аны менен бирге өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков «Тараз-Талас-Суусамыр» авто жолунун үчүнчү фазасын ишке ашырууда жол четине тротуарларды салуу жана Талас шаарынын ички жолдорун камтуу тапшырмасын берди.

Жамшитбек Калилов белгилегендей, оңдоо иштери графикке ылайык жүргүзүлүүдө жана долбоордун артта калуусу жок. Мындан тышкары бүгүнкү күндө донорлор менен «Тараз-Талас-Суусамыр» (94 чакырым) унаа жолунун төртүнчү фазасы үчүн акча каражатын бөлүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: