Бакиев: "2010-жылы революция болгон эмес, 2 миңдей куралчандар келип Ак үйдү аткылап салышкан"

Курманбек Бакиев Беларусь ММКларынын бирине маек берди. Анда 2005 жана 2010-жылдагы революциялар тууралуу сөз болду.
"Мен жана менин командам 2005-жылдагы революциядан кийин бардык аракеттерди экономиканы көтөрүүгө жумшадык окшойт. Өлкөнүн укуктук жактан тургузуу керек эле. Президент жана башкы кол башчы катары атайын кызматтар менен укук коргоо органдарын көзөмөлдөөдө чабалдык кылдым окшойт. Биз колдон келишинче аларды материалдык жактан камсыз кылуу менен алектенип жатканбыз. Чалгындоо жаатында кичине эле нерсени өзгөртпөй калыптырмын. Ал жакты караган тийиштүү жетекчилер болгондон кийин өз ишимди кылайын деп экономика менен өндүрүштү карап жүрө бериптирмин", - деп билдирди.
"2010-жылдагы окуяны революция деп айтуу мүмкүн эмес. Эмне үчүн экенин айтайын. 2005-жылы өлкө боюнча бардык аймактар көтөрүлгөн. Эл парламенттик шайлоонун фальсификация болгону үчүн нааразы болуп чыгышкан. 2010-жылы болсо 2 миңдей куралданган адамдар Ак үйдүн алдына чогулуп, атып башташкан. БТР да алып келип атышкан. Муну революция деп айтуу мүмкүн эмес", - дейт Бакиев.
К.Бакиев президент болуп турганда Мамлекеттик Күзөт кызматын Жаныш Бакиев жетектеп турган. Уулу Марат Бакиев Улуттук коопсуздук кеңешинин жетекчилеринин бири болгон.
Курманбек Бакиев 7-апрелдеги революция тууралуу эмне дейт?


