super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Кыргыздар үчүн "ас-салому алейкум" деп учурашуу "привет", "салют" дегенден айырмасы жок болуп калат экен"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Аялдардын "ас-салому алейкум" деп учурашуусуна көз карашыңыз?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Эч жерде эркектер гана "ас-салому алейкум" деп учурашсын деген нерсе жок, бирок кыргыз аялдары антип учурашпайбыз го. Чогуу иштеген өзбек-тажик улутундагы аялдар "ас-салому алейкум" десе эмне деп жооп беришимди билбей калчумун. Азыр үйрөнүп калдым".

"Аялдардын "ас-салому алейкум" деп учурашуусу бизде жокко эсе, аялдар "саламатсызбы, жакшысыздарбы?" деген сөздөр менен учурашкандарын угабыз".

"Башка улуттун сөздөрүн колдонуп "привет" дегенден көрө "ас-салому алейкум" деп саламдашкан жакшы эмеспи, кулакка да жагымдуу".

"Аябай жагымдуу угулат. Чогуу иштеген эже дайыма сырттан киргенде "ас-салому алейкум" деп учурашып, анан жумушка киришет. Кээ бирлер эшиктен кирери менен "как дела?" деп кирет. Ичимден "атаңдын башы" деп жинденип коём. Жогорудагыдай учурашпаса деле "кандайсыңар?" деп койсо жүрөк жылып калат го".

"Туура, башка улуттун тилинде учурашпай, кыргыз тилинде учурашыбыз керек. Мага жакканы нукура кыргызча учурашуулар: "Арыбаңыз, жакшысызбы, жол болсун, бар болуңуз" жана башка. Араб (семит элдеринде) тилинде "ас-салому алейкум" деп учурашуу мага өөн учурайт, бул мусулмандарга гана таандык эмес, еврейлер деле минтип учурашат экен. Орусча варианты менен мисал келтирейин: "Мир вам" - "шалом алэхэм", буга "и вам мира" - "вэ-алэхэм шалом" деп жооп беришет экен. Же "Здравствуйте!" ("мир", "мир вам") - "Шалом, шалом алейхем". Бул жерден "ас-салому алейкум" деп учурашуу "привет", "салют" деп саламдашкандан айырмасы жок болуп калат экен".

"Кыргыздарда аял киши минтип учурашпайт, минтип эркек кишилер сырттан киргенде сөзсүз колун көкүрөгүнө алып "ас-салоому алейкум" деп кириши керек, ал эми аялдарга "арбаңыз, жакшысызбы?" дешет. Бара-бара коом өзгөргөн сайын диндин таасириненби, аял-эркекке карабай минтип учурашуу шартка айланып баратат".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
09.03.2017. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Привет салют дегенге Караганда мин эсе жакшы ассолом алейкум деген соз. Ар саламга сооп берилетко. Аялдарда ошондой саламдашсын демекмин
09.03.2017. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы? кандайсыз? - деген эле жакшыго.
09.03.2017. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ассолом алейкум эмес ассаламу алейкум болот
09.03.2017. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
шалом алейхем деп тиши тушуп калган немедей суйлобой Ассалом алейкум деп учрашкан туура го
10.03.2017. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ассаламу ьалайкум сөзүнүн мааниси - "Сага АЛЛАХТЫН тынчтыгы жана саламы болсун" - дегенди билдирет. Привет,салют ассаламу ьалайкумдун чаңына да жетпейт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: