super.kg logo

Таласта фитосанитардык лабораториянын ачылышы болду

 

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-мартта Талас облусунун Кара-Буура районун Кызыл-Адыр айылындагы фитосанитардык лабораториянын ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы өлкөдө эл аралык стандартка ылайык, фитосанитардык лабораториялардын ачылышы Кыргыз өлкөсүнүн Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кошулуусунун алкагында белгиленген иштердин жыйынтыгы экенин айтты.

Сооронбай Жээнбеков өкмөт 2016-жылдын май айында башка жактардан келген каражаттарды күтпөстөн республикалык бюджеттин эсебинен эки лабораториянын имаратын капиталдык оңдоп-түзөө иштери, ошондой эле зарыл болгон лабораториялык жабдуулар, эмеректер жана башка материалдар менен камсыздоо тууралуу чечим кабыл алган. Бардык тиешелүү органдарга 2017-жылда ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды куруу жана модернизациялоо иштерин аягына чыгарууну тапшырган.

«Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдикке киргенде мүмкүнчүлүктөргө гана ээ болбостон, бир катар талаптарга да жооп бериши керек. Мына, өз күчүбүз менен курулган фитосанитардык лабораториянын бирөөсү бүгүн ишке берилди. Ысык-Көл облусунун Түп районунда да ушундай лаборатория курулуп бүтүп, ишке берилер алдында турат. 2017-жылы Баткен, Нарын жана Жалал-Абад облустарында ушундай эле фитосанитардык лабораториялар ишке берилет. Каракол, Балыкчы, Талас жана Баткен шаарларында ветеринардык лабораториялар курулат. 2017-жылдын аягына чейин Кыргыз мамлекетинде 13 фитосанитардык жана ветеринардык лабораториялар ишке кирет», - деди премьер-министр.

Өкмөт башчы 2017-жылы өлкөдө 13 фитосанитардык жана ветеринардык лаборатория ишке кирерин баса белгиледи. Бул максатта мамлекеттик бюджеттен 190 миллион сом каражат бөлүнүүдө. Мындан сырткары Ош жана Бишкек шаарларында эки чоң лаборатория ишке кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: