super.kg logo

Ысык-Көлдө айдоочу бакты сүзүп, бир адам каза тапты

 

Ысык-Көл облусундагы Жети–Өгүз районунда 2-май күнү саат 13:57 чамасында Липенка айылынын жанында Ауди-80 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун жээгиндеги бакты сүзгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 1 адам каза болуп, 1 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет. Окуя болгон жерге ӨКМнын Каракол шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары барышып, 1972-жылы туулган Э.Т. аттуу айдоочуну жана окуя болгон жерде каза болгон 1978-жылы төрөлгөн Б.Б. аттуу жүргүнчүнү чыгарышып, Жети-Өгүз районунун "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришти. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: