super.kg logo

Бишкекте балдарын тилемчилик кылдырган селсаяк аялдар кармалышты

 

Бишкекте жашы жете элек балдардын укугун бузуу боюнча жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында 5 селсаяк жана өздөрүнүн балдарын тилемчилик үчүн пайдаланып жүрүшкөн аялдар колго түшүштү. Рейдде мектеп жашындагы балдардын окуу учурунда көчөдө жүрүшүнө каршы компьютердик клубдарды жана көчөдө тилемчилик кылып жүргөн балдар текшерилди. Бүгүн, 3-майда мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, Исанов, Москва, Бөкөнбаев көчөлөрүндөгү, Жаш Гвардия бульвары жана Жибек Жолу, Манас проспектилериндеги компьютердик клубдардан ар кайсы мектептердин 11 окуучусу кармалган. Ушул эле аймактарда селсаяк аялдардын балдарын тилемчилик кылдырып жүрүшкөндөрү анык болгон. Эч кимисинин шаарда каттоодо тургандыгы тууралуу документтери жок болгондуктан, анын экөөсү убактылуу “Коломто” баш калкалоочу жайына жеткизилген.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: