super.kg logo

Оштогу окуу жайларда Конфуций класстары ачылып, анда кытай тили бекер үйрөтүлөт

 

Ош мамлекеттик университетинин кыргыз-кытай факультетинин демилгеси менен Ош технологиялык университетинде, Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда жана "Билим" лицейинде Конфуцийдин класстары ачылат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен бүгүн, 10-мартта кабарлашты.

Тиешелүү келишимге окуу жайлардын жетекчилери тарабынан кол коюлган.

"Конфуций класстары заманбап материалдык-техникалык база, аудио-видео жабдуулар, керектүү китептер менен камсыздалышат. Кытайдан ар бир класска 2ден ыктыярчылардын келүүсү күтүлүүдө. Алар студенттерге, окуучуларга кытай тилин бекер үйрөтүшөт. Ошондой эле кытай тили боюнча экзаменге даярдашат. Бул өз кезегинде студенттер үчүн Кытай окуу жайларына гранттык негизде окууга тапшырууга шарт түзөт", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: