Бишкек шаарынын тургуну ири өлчөмдөгү маңзат менен кармалды
Бишкек шаарынын тургуну ири өлчөмдөгү маңзат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматы тарабынан Бишкек шаарынын 1972-жылы туулган К.А. аттуу тургуну кармалган. Ал жашаган үйдүн короосунан жалпы салмагы 8 килограмм 855 граммды түзгөн маңзат табылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.