super.kg logo

"Боинг учагы кулаган айылдын жашоочулары электр энергияга ашыкча акча төлөшөт" дейт өкмөттүн өкүлү

 

Курулуш башкармалыгынын дачалары айылында жашоочулар белгиленген тарифтен ашыкча акча төлөөрү тастыкталды. Мындай маалыматты бүгүн, 10-мартта SUPER.KG порталына Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Турусбек Султаналиев билдирди.

"Курулуш башкармалыгынын дачалары айылынын эли Манас аэропорту аркылуу электр энергия алышат. Аларга Улуттук электр тармагы аркылуу берилет. Негизи бул айылдын жашоочуларына 1 киловатт-саатына 77 тыйындан эле берилет экен. Техникалык жоготууларга деп кошулуп, 87 тыйындан төлөшөт. Ал эми 700 киловаттан ашса 2 сом 46 тыйындан төлөшөт", - деп билдирди Султаналиев.

Белгилей кетсек, өлкө аймагында буга чейин абоненттер 1 киловатт-саатына 77 тыйындан ал эми 700 киловаттан ашыкча иштетилген электр энергия үчүн 2 сом 16 тыйындан төлөө тарифи киргизилген. Турусбек Султаналиевдин маалыматына ылайык, айрым дачаларда 1 киловатт-саатына 90 тыйындын төлөгөндөр бар.

Эске салсак, буга чейин Курулуш башкармалыгынын дачалары айылында жашоочулар электр энергия үчүн жаңы тариф киргизилгенден бери 1 киловатт-саатына 87 тыйындан, 700 киловаттан ашса 2 сом 46 тыйындан төлөп келишерин айтып, нааразычылык билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.03.2017. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ашыкчада Бакиевда ушул шылтоо менен айдалган бирок азыр ал убактагыданда коп толоп жатабыз.! Озубуздо ГЭС болсо арзанырак толошубуз керекта..!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: