Москвадагы Кыргыз жарандарынын өмүрүн алган өрт: айыпталгандардын камактагы мөөнөтү узартылды

Сот Москвадагы өрттөнгөн “Печатный экспресс” басмаканасынын директору Сергей Москвин жана башкы инженери Антон Яцковдун камактагы мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматына таянып, орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Москва шаардык соту тергөөнүн өтүнүчүн канааттандырып, Москвин менен Яцковдун баш коргоо чарасын 27-апрелге чейин узартты.
Эске салсак, 2016-жылы август айында Москва шаарында басмаканадан чыккан өрттөн 17 адам каза тапкан. Алардын ичинен 14 адам Кыргыз Республикасынын жараны болгон. Басмакананын директору С.Москвин жана башкы инженери А.Яцков ишканада коопсуздук эрежелерин толук камсыз кылбаганы үчүн айыпталышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
gulmira12345

10.03.2017. 10:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кыргызды тоок олгончолук кылышпады ошентип сотун узартып кыскартып актап куноону олгондорго коюп чыгып кетишет
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.