super.kg logo
  Саясат  

Башкы прокуратура Азаттык менен "Заноза" сайтын сотко берди

 

Башкы прокуратура Азаттык менен "Заноза.кг" сайтын жоопко тартуу боюнча экинчи ирет сотко кайрылды. Сотко берүүгө Өмүрбек Текебаевдин Кипрге болгон сапары боюнча алынган комментарийлер негиз болгону айтылат.

Айта кетсек, түрк басылмаларынын бири Ө.Текебаев Кипрде Курманбек Бакиев жана Садыр Жапаров менен жолугушканын жазган. Мындан кийин "Заноза.кг" Ө.Текебаевге Кипрде эмне кылганы боюнча суроо узатып, депутат Жапаров жана Бакиев менен жолугушкан деген маалыматты четке каккан. Ушул эле суроо менен депутатка Азаттык да кайрылып, жообун жазган.

Биринчи арызда Башкы прокуратура Текебаевдин жактоочусунун Боинг кырсыгындагы жүк тууралуу айтканы боюнча сотко кайрылган. Жогоруда аталган ММКлар юристтерге шилтеме берип "Боингдеги жүк Атамбаевге жана анын жубайына таандык" делген документтерди жарыялашкан.

Текебаевдин Кипрге барганы тууралуу берген комментарийи, юристтердин Боингдеги жүк боюнча билдирүүсүн өлкөдөгү башкы көзөмөлдөөчү орган президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирет деп баалоодо. Маалыматты 10-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы ырастады.

Мындан улам аталган орган эки арызда тең Азаттыктан 10 миллион сом (20 миллион), "Занозадан" 3 миллион сом (6 миллион сом) өндүрүү боюнча сотко кайрылганын маалымат агенттиктери жазышууда. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы доо арызда жазылган акчанын суммасын ырастаган да, четке каккан да жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: