super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖЫЛНААМА, 10-МАРТ: 60 жыл мурун дүйнө жүзүндө №1-террорчу аталган Усама бен Ладен төрөлгөн

 

Мындан 60 жыл мурун, 1957-жылы 10-мартта 10 жыл бою дүйнөнүн үшүн алып турган террорчу Усама бен Ладен Сауд Арабиянын Жидда шаарында туулган. Анын толук аты-жөнү Усама бен Мухаммад бен Авад бен Ладен. Атасы ири курулуш тармагынын магнаты, бай адамдардын бири болгон, уулуна 250 миллион доллар мурас калтырган. Усама бен Ладен "Аль-Каида" террордук уюмунун негиздөөчүсү жана биринчи эмири. Бул уюм 2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШда болгон террордук актыга жана 1998-жылкы Африкадагы АКШнын элчиликтеринин имаратындагы жардырууга жоопкерчиликти алган.

Ладендин максаты батыш өлкөлөрүнүн таасири жок, эркин жана адилеттүү ислам мамлекеттерин түзүү болгон. Ал өзүнүн биринчи катардагы душманы деп АКШ менен Израилди баса белгилеген. 2007-жылы АКШнын Сенаты №1-террорчунун башы үчүн 50 миллион доллар сыйлык берерин жарыялаган. Усама бен Ладендин сологой экендиги жана дайыма таяк менен жүргөнү айтылат. Ошондой эле арабдардын ак чалмасын башынан түшүрбөй ороп жүргөн. Ал бир гана араб тилинде сүйлөгөн.

Бен Ладен 5 жолу үйлөнгөн. Анын 17 уулунун ичинен экөө - Хамза менен Саад гана "Аль-Каиданын" иштерине аралашкан. Аталган террордук уюмдун лидери Усама бен Ладен 2011-жылы 2-майда Пакистандын Абботтабад шаарында АКШнын атайын аскерлери тарабынан өлтүрүлгөн.
10-мартка карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: