super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды

 

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-мартта өлкөнүн ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда мамлекет башчысына укук коргоо органдар системин реформалоо алкагында аткарылып жаткан чаралар комплекси тууралуу маалымат берилди. Аталган реформа кылмыштуулукту алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча, укук тартибинин органдарына жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн, ошондой эле жарандардын милицияга ишеним деӊгээлин көтөрүүдө зарыл шарттарды түзүүгө тийиш.

Улан Исраилов президентке өзгөчө өлкөнүн өтө тыгындуу жол тилкелеринде кыймыл коопсуздугун арттыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди.

Президент укук коргоо органдар системинин реформасын натыйжалуу ишке ашыруу зарылдыгына токтолду. Мамлекет башчысынын айтымында, укук тартиби органдары өлкөнүн, анын экономикасынын жана коомдун өнүгүү деӊгээлине төп келип, өзүнө тагылган милдеттерди кынтыксыз аткарууга жана жарандардын талаптарына жооп берүүгө тийиш.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: