Жайыл районунда поезд менен жеңил унаа сүзүшүп, эки баланын энеси каза болду
Жайыл районунда поезд менен жеңил унаа сүзүшүп, 1 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 9-март күнү саат 19:25 чамасында Беловодск-Кара-Балта темир жолунда болгон. Анда 1992-жылы туулган Ч.А. Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаасы менен темир жолду кесип өтүүгө аракет кылган. Бирок жолдон толук өтүүгө үлгүрбөй, поезд сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1981-жылы туулган К.Т. аттуу аял каза болгон. Анын 2013-жылы туулган Б.З. жана жаңы төрөлгөн Б.К. аттуу балдары ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочу Ч.А. оор жаракат алган. Ошондой эле анын ичинде 1995-жылы туулган жаран да болгон.
Учурда кырсык боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Каза болгон жаран эки бала эмес жаштыгыны карабай жети баланын энеси болгон .Жаткан жери жайлуу болсун.