super.kg logo

MC_Doncha: "Мен видеомдо зордуктоо жөнүндө эмес, Шурыгинанын тарбиясы жөнүндө айттым"

 

Кыргыз жергесинде белгилүү болгон MC_Doncha "Пусть говорят" телеберүүсүнө каарман катары чыккан Диана Шурыгина тууралуу ролик жарыялап, блоггер Данияр Айтмандын сынына калган. Вайнер видеоролигин өзүнүн гана күйөрмандары үчүн чыгарганын SUPER.KG порталына бүгүн, 10-мартта билдирди. Анын айтымында, ал ролиги менен окуяга эмес, анын каарманынын өзүн алып жүрүүсүнө каршы экенин көрсөткөн. Ал эми акырындагы сөздү жөн гана юмор деп атады.

"Кыргыз жеринде бирөө зордукталса, ал бүтүндөй элге жарыя кылбайт, бизде менталитет башкача. Мен зордуктоо тууралуу эч нерсе деген жокмун, анын тарбиясы тууралуу айттым. Зордуктоо болбошу үчүн ар бир ата-эне кызына да, уулуна да туура тарбия бериши керек. Эмне үчүн дүйнө жүзүнө зордукталганы жөнүндө айтат? Биздин өлкөдө зордукталган кыз "мен ичип алдым, бардым, зордуктап салышты" десе, аны эч ким коргобойт, ата-энеси да "биз татыктуу эмес тарбиялаптырбыз, биз күнөөлүүбүз" дешет. Туура, зордукталган кыз унчукпай отурбашы керек, укук коргоо органдарына арызы менен кайрылсын. Калганын иликтөөчүлөр, соттор бүтүрөт. Эгер адилетсиздик орун алса, анда жүзүн жаап, анонимдүү түрдө коомчулукка чыкса болот. Мен бул видеону күйөрмандарым мындай жорукка барбасын деп, жарыяладым.

3 саат бою телеберүүдө отуруп, бул кыздын тарбиясына, эфирде отуруп алып кыйкырып, апасынын оозун жапканына таң калдым. Данияр Айтман мендей болуп 3 саат анын жанында отурса, башкача ойдо болмок. Ал өзүнүн диванынын үстүндө гана отурган, 30 секунддук роликти көрүп эле жазып койгондой. Ал менин кичинекей кыздарды коргоп жатканымды түшүнгөн жок. Феминисттер мага каршы болуп жатышат, а мен кичинекей кыздарды коргогонум мени феминист кылбайбы?

Ал кыз 4-ирет телеберүүгө чыгып жатат. Ал дагы блоггер. Блоггерлер адамдарга таасирин берет. Аны көргөн кичинекей кыздар үчүн жооптуу экенин түшүнбөй жатат. Бул окуя шоу болуп кетти. Телеберүүнүн рейтингин көтөрүү максатында болду. Андрей Малахов мени ал телеберүүгө чакырып жатканда дагы "макулсуңбу?" деп сурады. Эч кимди "кел" деп кыйнабайт. Дианага эфирге чыгууну сунуштаган, анын келгени эле ката болчу. Биринчи телеберүүгө чакыруунун да кереги жок болчу.

Менин карындашым, эжем бар. Алар үчүн корком. Ал эми күйөрмандарыма айтарым, ал кыздан үлгү алышпасын. Анын келечекте балдары моралдык жактан жабыркайт экенин эске алуу керек", - деди Данияр Токтомаметов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
10.03.2017. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ортодо чон акча,реклама,пиар деген нерселер ойнойт-деп эч ким айтпайт го...
10.03.2017. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атын чыкпаса жер өрттө.
eldar96 түзөттү 2017-03-10 18:08:38
10.03.2017. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жакшы коммент бериптир Донча, ырларын угуп көрүш керек экен.
10.03.2017. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Данияр Айтманга окшогондорду кресло баатырлар деп коет колдорунан коко тыйын иш келбейт сынданып эле койсо.
11.03.2017. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер админ видеосу болсо шилтемесин берип коюунуздарчы сураныч
11.03.2017. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Молодец МС донча.Создорун Данияр Айтманга жетиштуу болду окшойт.Ал озун пиарлайын деп сага асылып жатат ага эч конул бурба ,колунан келсе Пуст говорятка барып алсын.Сени коро албай жатат ал.Биз деле ал кыздын тарбиясын коруп атабыз,зордукталган кыз андай болбойт болуш кк.
11.03.2017. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Yr ollo sonun chygyptyr ! Molodets Doncha!Eger al kyz kyzuu talkuu bolup atsa ar bir adam oz oi pikirin aituuga akysy bar.Daniar a it man joon ele oturbaiby ozunun inisinen jamandyk izdebei.Kimdin kim ekenin ushundaida tushunso bolot
Alicia түзөттү 2017-03-11 19:44:42
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: