super.kg logo

Социалдык өнүгүү башкармалыгы: "7 балама жөлөк пул чыкпай калды" деген аялга жөлөк пул бөлүнгөн"

 

Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айылынын жашоочусу Асел Ибраева 7 баласына 7 миң 200 сом өлчөмүндө жөлөк пул алды. Бул тууралуу, бүгүн 10-мартта Нарын райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Гүлзат Сардарбекова билдирди.

Анын айтымында, бул үй-бүлөнүн балдарына жөлөк пул 28-февраль күнү эле берилген.

"Мен почточудан сурап, атайын тактагам. Аселдин жолдошу өзү акчаны алып кеткен экен. Январь айында жолдошунун жумуштан бошогондугу тууралуу документтерди алып келишкен. Февраль айынан тартып жөлөк пул чектеле баштады. А.Ибраимованын "акча бериле элек", - деген маалыматын окугандан кийин жолдошу экөөнү тең чакырдым. Азыр почточу менен келишти, акчаны алгандыктарын аныктадык", - деди Г.Сардарбекова.

Асел Ибраева, жолдошу Токтогул Исаков жана почточу

Ал эми Асел Ибраевага байланышканыбызда, жөлөк пулду жолдошу алгандыгын, бирок аны Аселге айта элек экенин билдирди.

Жолдошу Токтогул Исаков мынчалык ызы-чуу кылуунун кажети жок экенин айтат.

"Колуктум шаарда ооруканада болчу, буга байланыштуу акчаны мен алгам. Азыр эле шаардагы ооруканадан келди. Биздин райондук социалдык өнүгүү башкармалыгына эч кандай дообуз жок", - деди А.Ибраеванын жолдошу.

"Токтогул Исаков жумушка орношкондугуна байланыштуу үй-бүлөсүнүн минималдуу кирешеси эсептелинген. Үй-бүлөгө тиешелүү болгон үлүш жерлер да киреше булагы катары нормаларга ылайык каралат. Мындан улам 2015-жылы Токтогул Исаков жумушка орношкондо балдарына жөлөк пул токтотулган. Кайрадан жыл башында жумуштан бошогондугу тууралуу документтерди алып келишти, февралдан тартып ай сайын 7,200 сомдон жөлөк пул берилет", - деп кошумчалады Г.Сардарбекова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
10.03.2017. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошон учун почточулар ар бир жолок пул пенсияны ар кимге бере бербей оздорунун колуна бериш керек ал атасына жазылган эмес апасына берилет да озу кайнене кайнатасы келсе деле берип койгондор бар озуно берсенер мындай нерселер болбойт эч качан
10.03.2017. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Obu joktor aa! Jon ele internetke chykkysy kelgender go surotko tushup alyshyptyr jakshynakay bolup. Kuyoosu aityp ele koiboibu olumush bolboi!
10.03.2017. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
админ стамбулдагы авиякырсык жонундо маалымат жазгылачы
10.03.2017. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албаса да алды кылып туура кылып ондоп койушту да.
10.03.2017. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошо да
10.03.2017. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куйоосу кантип айтпай коймок еле
11.03.2017. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кызык айлыгы 2800 с болсо андан көрө үйдө бекер жат дагы 7200 сом ал деген мамлекеттин саясатына түшүнбөдүм
11.03.2017. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ошоо да дени сак адамдар бекер жатып алып акча алып жатышат. биз деле ошентсекпи?кайф жашоо. бирок бет чыдабайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: