СУПЕРСТАН: "Кечээ күнү балам уктап жаткан чоң атасынын бир кашын кыркып коюптур"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Балакайлардын кылыгы" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Балам эшикке чыгып көпкө жоголуп кетсе, карындашы үйдү жаңыртып "Абдуллах кана-аа? Абду кана-аа?" дейм деп кыйкыра бериптир. Сиңдим "Абду тойдо" деп койсо, "ал эмне деп сүйлөш?! Кичине деп алдай бересизби? Ал эшикке чыгып кетпеди беле?" деп өзү айтып коёт имиш".
"Менин иним 4кө чыгат, анын жанында убакыттын кантип өткөнүн билбей калам. "Сени ким төрөгөн?" десем, "атам" дейт. "Жок, сени апам төрөгөн" десем, "жинди, анда кыз болуп калмакмын" деп боорду эзет".
"Балам мени туурачу болду, "тез-тез кыймылдап оюнчуктарыңды жыйна" деп көп айтам. Бир жолу "чай берчи" дегенинен "азыр" деген боюнча унутуп коюпмун. Анан "апа, мага чай бербейсиңби" дейт, "ии, азыр, унутуп койгон турбаймынбы" деп барып чай куюп жатсам "тез-тез эле кыймылдасаң" десе, күлкүмдү тыя албай койдум".
"Бала тили бал деп бекеринен айтылбаптыр да. Балам 3 жашта "самокатты" - саматака, "бумаганы" - кумага дейт. Анан бир жакка жөнөөрдө "атам оккош шым кием" деп турат жинсы шымды, атасы "аңгыраба" деп урушуп коёт кээде, ошону туурап "аңгырама" деп карындашына бакырат. Кечээ күнү чоң атасынын бир кашын кыркып коюптур уктап жатканда".
"Жалпы балакайлардын бир кылыгы бар да. Үйдө оозуна салсаң да жебейт. Анан бирөөнүкүнө барганда биринчи жолу көргөндөй жешет. Бир жолу жездем кичинекей кызын ээрчитип келди. Эжекемдин кызы аябай каймак жейт дагы, "папа, бизде мындай жок, апама да алып алалы" дейт. Жездем аябай актанды го. Агамдын кызы 2-3 жаштарда. Каякка конокко барса, кетерде бир пакет алып, нан, конфет, дасторкондо эмне болсо салып баштайт. Жеңем урушуп да көрдү. Баары бир барган жеринен бир пакет көтөрүп кетет. Өлкөбүзгө көчүп келишкенине аз эле болду, каяктан үйрөнгөнү белгисиз".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:41
2025-07-04

10:20
2025-07-04
10:18
2025-07-04

Рейтинг:
0

Комментарийлер(7)
Marianna77

12.03.2017. 12:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында бала тили ширин. Менин экинчи балам бир куну эле "апа портер машинанын орусчасы айрепортр деп ичибизди эзген эле.
engel

12.03.2017. 13:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Tez tez kyimylda degeni jakty. )) Kyzym 1,5 jashta ancha myncha sozdordu aityp kalat. Otkondo atasy rezinovyi eshek alyp kelgen emi tan kalganym eshek kana degen sozdun eshegin taptak aitat da kana degendi "ka" deit
kirgizstan

12.03.2017. 13:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин уулума карындашын карап тур мен идиш жууп алайын десен мама шарт шарт кыл дейт.
Kanzada97

12.03.2017. 14:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен эгиз сиңдилериме СубханАллах деп үйрөтөм ошондо ЧукканАллах дейт.
meni_kut

12.03.2017. 15:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kanzada97,молодец
HypcylTAH

12.03.2017. 15:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыздар Супер, ондоп коюпсуздар. Антпесениздер 10 окуп да маанисин тушуно албадым эле Рахмат))
munarbek.kgz86

12.03.2017. 21:30
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдарыбыз аман болсун
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.