super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 11-МАРТ: 62 жыл мурун пенициллинди ойлоп тапкан британиялык бактериолог Александр Флеминг көз жумган

 

Мындан 62 жыл мурун, 1955-жылы 11-мартта пенициллинди ойлоп тапкан британиялык бактериолог Александр Флеминг көз жумган. Ал 1881-жылы 6-августта Улуу Британиянын Дарвел деген аймагында төрөлгөн. 1906-жылы медициналык окуу жайды аяктап, Падышалык хирургдардын колледжинин мүчөсү болгон. Кийин Лондондогу ооруканада, согуш учурунда падышалык медициналык армияда капитан болуп кызмат өтөгөн. 1928-жылы бактериология боюнча профессор аталган. Ал тарыхка эки маанилүү нерсени - лизоцимди жана пенициллинди ачкандыгы менен из калтырган. Эки ачылышы тең 1920-жылдары кокустан жасалган. Бактерияларды изилдеп жатып, чүчкүргөн. Бир нече күн өткөндөн кийин шилекейи тамган жердеги бактериялар өлүп калганын байкаган. Мына ушинтип лизоцизм (ткандарга зыянын тийгизбеген, жаман бактерияларды жок кылуучу фермент) пайда болгон. Ал эми пенициллинди ачкандыгы үчүн 1945-жылы "Нобель" сыйлыгына татыган. Тарыхтагы алгачкы антибиотикти жасап чыгаруу ишин окумуштуудан кийин Говард Флори жана Эрнст Борис Чейндер уланткан. 1945-жылы үчөө бул ачылыш үчүн "Нобель" сыйлыгын алышкан.

11-мартка карата жылнаама






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: