ЖЫЛНААМА, 11-МАРТ: 6 жыл мурун Японияда 16 миңдей адам өмүрүн алган жер титирөө болгон
Мындан 6 жыл мурун, 2011-жылы 11-мартта Япониянын чыгыш жээгинде күчү 8,5 баллга жеткен жер силкинүү болуп өткөн. Жер титирөөнүн очогу Мияги префектурасынан 130 чакырым алыстыкта орун алган. Зилзаланын натыйжасында толкуган океан суусу жээктеги шаарларды жууп кеткен. Цунаминин бийиктиги 10 метрге чейин жетип, миңдеген үй жана имараттарды талкалаган. Бул окуя "өлкөнүн тарыхындагы эң көп зыян алып келген кырсыгы" деп таанылган. Зилзаланын кесепетинен "Фукусима-1" атомдук электр станциясында жарылуу болгон. Андан улам радиациянын айлана-чөйрөгө таралышы чоң коркунуч туудуруп, бул аймакта жашаган калк башка жакка көчүрүлгөн. Кырсык 16 миңге жакын адамдын өмүрүн алып кеткен.
11-мартка карата жылнаама
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.