super.kg logo

Шашылыш билдирүү! Бүгүн Бишкек-Ош, Бишкек-Нарын-Торугат, Сөөк унаа жолдоруна кар көчкү түшүү коркунучу бар

 

Бүгүн, 11-мартта жааган жана түшө турган карга байланыштуу тоолуу райондордо жана Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашууга, Ала-Бел, Чычкан капчыгайына, Көк-Бел ашуусуна, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунун 65-110-чакырымдарына, Ала-Бука-Каныш-Кыя жолунун 65-97-чакырымдарына, Красная Горка- Ак-Таш жолунун 1-9-чакырымдарына, Казарман-Актал-Чат жолунун Кара-Көө ашуусуна, Ийри-Суу тилкесине, Бишкек-Нарын-Торугат унаа жолундагы Долонго, Арал-Миң-Куш жолунун 1-10-чакырымдарына, Каракол-Эңилчек жолундагы Чоң-Ашууга, Барскоон-Ак-Шыйрак жолундагы Барскоон ашуусуна, Сөөк жолунун 60-68-чакырымдарына кар көчкү түшүү коркунучу сакталып, жолдор тоңголок болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

"Унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар тилкелерде унаалар аралыгы 500 метрден болушу керек. Коопсуздукту камсыз кылуу максатында тиешелүү чаралар көрүлдү", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: