super.kg logo

АКШнын беш штатынын Трамптын жаңы жарлыгына тыюу салуу арызын федералдык сот канааттандырган жок

 

Америкалык беш штат президент Дональд Трамптын иммиграциялык жарлыгы Конституцияга каршы келерин билдирип, Сиэтлдин федералдык сотуна доо арыз менен кайрылган. Бирок сот алардын арызын канааттандырган жок. Ага көбүрөөк убакыт жана маалымат керек экенин түшүндүргөн.

Вашингтон штатынын башкы прокурору Сиэтл федералдык сотунан президенттин биринчи жарлыгы сыяктуу эле экинчисине да тыюу салууну өтүнгөн. Анын пикиринде эки документ тең мигранттардын дин тутуу эркиндигин чектөөдө. Көзөмөл орган кабарлагандай, президенттин жаңы жарлыгы аткарылса, штат экономикалык эле эмес башка багытта дагы зыян тартат.

Биринчи жарлыкта АКШга жети мусулман өлкөдөн – Сирия, Ливия, Ирак, Йемен, Иран, Судан жана Сомалиден мигранттардын жана качкындардын кирүүсүнө тыюу салынган. Бирок документ өлкө Конституциясына карама-каршы келгендиктен, сот анын аткарылышына тыюу салган. Трамп кол койгон жарлыктын жаңы вариантында Ирак тизмеден алынып салынган. Визасы бар же АКШда убактылуу жашоо укугун алган калган алты өлкөнүн жарандарына салынган бөгөт дагы алынган.

Вашингтон штаты менен кошо Миннесота, Орегон, Нью-Йорк жана Массачусетс дагы жаңы жарлык боюнча сотко доо арыз беришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.03.2017. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Трамптын кол алдындагылар тоотбой жатат себеби Трамптын туура эмес иш жургузуп жатат биздеда ошондой болсо канале!
11.03.2017. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыйын экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: