super.kg logo

"Салбуурун" федерациясынын насаатчысы: "Жаа атуу кыздардын мээсин сергитип, мекенчилдик сезимин ойготот"

 
Нурнуска Нуралиева (солдо)
Нурнуска Нуралиева жана уулу
Жаа аткан кыздар
Машыгуу учуру
"Өзүм кулинардык курсту да аяктагандыктан бул жааттагы тажрыйбаларым менен бөлүшөм", - дейт Нуралиева
"Кыздарга да тикмечиликти үйрөтүп жатам", - дейт Нуралиева

20-21-мартта Ош шаарында өтө турган "Салбуурун" федерациясынын фестивалына жаа аткан кыздардын тобу кызуу даярдык көрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта аталган федерациянын жаа аткан кыздар тобунун насаатчысы Нурнуска Нуралиева SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, буга чейин федерацияда 6 кыз жаа атуу менен алектенип, фестиваль, сынактарга катышып келген болсо, учурда алардын саны эки эсеге көбөйдү.

"Буга чейин жаа атуу боюнча бир катар сынактарга катышкан Жаз Айым Айдекова, Седеп Төрөгелдиева сыяктуу тажрыйбалуу кыздардан тышкары федерацияга дагы 6 кыз кабыл алынган. Жалпысынан Ошко жаа атуу боюнча 11 кыз барат. Анда кыздар ат үстүндө жана жерде жаа атууну көрсөтүшөт", - дейт Нурнуска Нуралиева.

Ал белгилегендей, жаа атууга кызыккан кыздардын көбү 19-21 жашта. Кыздар топтолуп, тоого чыгып, машыгып турушат.

"Жаа атуу - адамдын мээсин сергитет, кадимкидей жан дүйнөңө күч-кубат аласың. Мекенчилдик сезим ойгонот, өзүңө болгон ишенимиң да артат. Тоого барып машыгабыз, кээде мен кыздарды үйгө чогултуп, үйдөн да машыгууларды өткөрүп турабыз. Кыздарга машыгуулар кызыктуу өтүшү үчүн ар кандай курстарды акысыз өтөм. Өзүм кулинардык курсту да аяктагандыктан бул жааттагы тажрыйбаларым менен бөлүшөм. Мындан тышкары тигүүчүлүк боюнча чакан ишкерчилик менен алектенем. Кыздарга да тикмечиликти үйрөтүп жатам. Учурда кыздар фестивалга кие турган кийимдерин өздөрү тигишти. Аял сарамжал, жоктон барды жаратуучу, көп кырдуу, билимдүү болушу керек. Ошондо гана алар коомго пайдалуу балдарды тарбиялай алышат", - деп кошумчалады Н.Нуралиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.03.2017. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялдардын да мээсин сергитип мекенчил кылабы,кылсаСДПКда бир аял бар жума намазга асылган ошол аялга да аттырып койгулачы сураныч.А то жанындагы намаз окуп эле жургон партиялаштары олтурат оозун ачып.Же шефинен коркушабы ал аялды кой ай дештен.Шефин жума намаздан да бийик корушот окшойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: