Балдызын сабаган 32 жаштагы Куралбек аттуу жаран кармалды
Бишкек шаарынын тургуну 27 жаштагы Нурзада К. арыз менен милицияга кайрылган. Ал өзүнүн билдирүүсүндө “Куралбек аттуу жездем сабады" деп айткан. Кылмыш изи сууй электе "Ууру" иш-чарасынын жүрүшүндө түнкү милиция адистештирилген батальонунун кызматкерлери тарабынан кечээ, 2-майда Бишкек шаарынын тургуну 32 жаштагы Куралбек О. кармалды. “Тергөө тарабынан чыр-чатак эмне себептен чыкканы тууралуу аныкталууда”,- дейт Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.