Салтанат Аширова Украинадагы "Голос" долбоорунда алгачкы беттешин өткөрүп, өтпөй калды




Ырчы Салтанат Аширова Украинадагы "Голос" долбоорунун 7-сезонунда 12-мартта алгачкы беттешин өткөрдү. Анда ал өзүнүн насаатчысы Потаптын командасындагы Катя Еременко менен чыгып, украиналык "Время и стекло" тобунун "Наверное, потому что" ырын аткарган.
Экөө ырдап бүткөн соң Потаптын чакыруусу менен келген "Время и стекло" тобу катышуучуларды куттуктап, ырдын үзүндүсүн кайрадан бирге аткарышкан.
Долбоордун насаатчыларынын бири Сергей Бабкин эки катышуучу тең ырды жакшы аткарышканын белгилеп, жеңишти Катя Еременкого табышмагы жана интригасы үчүн берген. Ал эми Жамала жеңишти Салтанат Ашировага ыйгарса, Потап долбоордо Катя Еременкону көрүү кызыктуу экенин айтып, аны тандаган.
Салтанат Ашированы куткаруу үчүн насаатчыларга 10 секунд берилген. Аны акыркы секундда алгачкы турда Ашировадан баш тарткан Жамала сактап калган.
"Муну менен мен, Салтанат бул долбоордон өскөнүн көрсөткүм келди. Азыр ал башка Салтанат. Долбоор үчүн бул маанилүү", - деген Жамала.
Ал эми Салтанат шок абалда болуп жатканын айтып, кетип калбаганына сүйүнүп жатканын билдирген.
Бирок долбоордун кийинки катышуучулары, Потаптын командасындагы Владислав жана Ирина “Sub Pielea Mea” ырын аткарышканда, Потап Владиславды тандаган. Иринаны да насаатчылардын тандоосуна коюшканда, Жамала Салтанат Ашировадан кайрадан баш тартып, Иринаны тандап кеткен.
Салтанат Аширова Иринага "эч нерсе эмес, мен болгону мынчалык тез болот деп ойлогон эмесмин" деп, долбоорду калтырды.
"Голос" сынагы. Катя vs. Салтанат - “Наверно, потому что”
"Голос" сынагы. Владислав vs. Ирина - “Sub Pielea Mea”

да курч кылат деп ишенебиз сен биз үчүн ар дайым алдыдасың!!!