super.kg logo

Телеберүү учурунда адамдын мээсин жеген америкалык журналист коомчулуктун сынына кабылды

 

Америкалык CNN телеканалынын алып баруучусу, жазуучу Реза Аслан Индиядагы каннибалдардын индуисттик сектасы - Агхори жөнүндө көрсөтүү даярдап жатып, адамдын мээсин жеген. Анын мындай кадамы коомчулуктун катуу сынына кабылды.

"Кудайга ишенген" деп аталган көрсөтүүнү тартып жатканда аталган сектанын мүчөлөрү Реза Асландын бетин адамдын күлү менен шыбап, баш сөөккө куюлган алкоголдук ичимдикти ичүүнү сунушташкан. Андан соң сектанттардын бири анын моюнуна адамдын жаактарынан жасалган жасалганы илип, мээнин бир үзүмүн алпаруучуга берип, жедирген. Ошондой эле ал Р.Асланды "Көп сүйлөйт экенсиң, башыңды кесип салам" деп дагы коркуткан.

Журналисттин айтымында, ал башка элдин маданиятына сый мамилесин көрсөтөйүн деп адамдын мээсин жегенден баш тарткан эмес. Көрсөтүү тартылып бүткөндөн кийин алып баруучу Фейсбуктагы баракчасына: "Өлгөн адамдын мээсинин даамын билгиңиз келеби? Жыгач көмүргө окшош экен", - деп жазган.

АКШдагы жана Индиядагы индуисттик топтор CNN'дин бул чыгарылышы алардын динин туура эмес жактан көрсөтүп жатканын билдиришкен. "CNN бул берүүсү менен адамдарда индуизм дининен коркуу жана аларда бул ишеним тууралуу түшүнбөөчүлүк сезимин жаратып жатат", - деп айтышкан алар.

Агхори агымы - XIV кылымда индуизм дининин Капалика сектасынан бөлүнгөн. Анын мүчөлөрү каннибал болгону үчүн эмес, бул алардын салттарынын бир бөлүгү болгондуктан тамак катары адамдын этин пайдаланышат.






Америкалык журналист эфир учурунда адамдын мээсин жеп койду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(7)
13.03.2017. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Бул айбанчылык салт емес еле кантип ушундай болсун малда малдын етин жебейт
13.03.2017. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ал жактарда ушундай салттары коп
13.03.2017. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
batsam, Nurkyz1977,
Саламатсыздарбы!
1. Уюлдук телефонго Google chrome браузерин орнотуп, кайра аракет кылып көрүңүздөр.
2. Видеону шилтеме менен кирип көчүрө аласыздар: http://www.super.kg/media/uservideo/186569/
Модератор admin_media түзөттү 2017-03-13 15:17:35
13.03.2017. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Аллахка шугур,мусулман кылып жаратып, ислам мн жашоого насип эткен.
тиги журналист да кызык экен" боёкчу,боёкчу десе, атасынын сакалын боюптур" болуп.
13.03.2017. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
коркконунан эле жеген окшойт жебей койсом менин мээмди жеп коюшпасын деп
13.03.2017. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ой тообо шумдукго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: