super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Араван районундагы Найман айылындагы трансформатор тургундар үчүн кооптуу болууда

 

Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагындагы Найман айылындагы трансформатор тургундар үчүн кооптуу болуп жаткандыгын окурман бүгүн, 13-мартта SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Трансформатор ушундай абалда ачык турат. РЭСтин эсебинен тосуу керекпи же элден акча чогултуу керекпи? Айылдын 80 пайыз жашоочулары дыйканчылык кылышат, ушул жерден өтүшөт. Алардын өмүрүнө зыяны тийип калышы мүмкүн. Бул трансформатор былтыр элден чогулган акчага оңдолуп, турган орду жылдырылган. Эл 80 миңдей акча чогулткан. Эми дагы тосконго акча чогулталы десек, элдер жаман көрүп жатышат. Коопсуздугун камсыздоо кимдин милдети? 5-6 айдан бери тосулбай турат. Былтыр чогулган акчанын калганы айыл өкмөттө иштеген кишиде. Бирок "ал мынча калды, мынча жетпейт" деп айтпайт. Эл чогулган жерге барбай жүрөт", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
13.03.2017. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ото кооптуу экен
13.03.2017. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айыл башчы деген барбы Айылда? Өкмөттө карабайбы ушуга окшогон маселени?
13.03.2017. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Uragan07,супер инфого чыкты бир болсо еми карайт болуш керек
13.03.2017. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Буга дагы Атамбаев күнөөлү деп чыкпай,айыл өкмөтүңөргө кайрылгыла.
13.03.2017. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Болбосо Озбекстан деле тосуп берет биздин бийлик тоспосо.
13.03.2017. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тоо-моюн менин айылымго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: