super.kg logo
  Саясат  

Депутат "Каржы министрлиги берилген тапшырмаларды создуктуруп жатат" деп нааразы болду

 

КСДП фракциясынын депутаты Улан Примов Бюджет жана финансы боюнча комитетинин тапшырмасын Каржы министрлиги дайыма создуктуруп келгенин айтты. Бул тууралуу депутат бүгүн, 13-мартта аталган комитеттин жыйынында билдирди.

"Курулушу башталып калган социалдык объектилерди биринчи кезекте бүтүрүү тапшырмасы берилген, ал бир жылдан бери аткарылган жок. Министрлик биздин тапшырмалар боюнча башка мамлекеттик органдар менен мекемелерге сунуштамаларды берет экен. Алар болсо министрлик тарабынан каражат бөлүнгөнүнө жараша иш жүргүзөбүз дейт. Мамлекеттик органдардын бири-бирине шылтагандан башка жасаган иши жок. Кимисине ишенсе болот? Каржы министрлигинин өзү эмне иш аткарат?" - деди депутат.

Каржы министри Адылбек Касымалиев капиталдык салымдар боюнча курулуш объектилеринин титулдук тизмеси март айынын ичинде бекитиле турганын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: