super.kg logo

"Дыйкан" базарынын жабылышына каршылык билдирген митингчилер Өкмөт үйүнүн алдына келишти

 

Ак үйдүн алдына митингге чыккан "Дыйкан" базарынын соодагерлери Өкмөт үйүнүн алдына келишти. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта митингдин катышуучусу Гуля Курамаева SUPER.KG порталына билдирди.

"Базарга кеткен жолду 3 күндөн бери бетон тосмолорду коюп, көпүрө курулат деген шылтоо менен 2 жылга жаап жатышат. Биз ага каршыбыз. Соодагерлер чогулуп, Жогорку кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековго жана депутаттарга кат жазып киргизгенбиз. Катка жооп бербей жатышат", - дейт Гуля Курамаева.

Маалыматка ылайык, буга чейин базардын жабылышына нааразы болгон тарап, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун кызматтан кетүүсүн талап кылып, "Урматтуу президент, мыйзамсыздыкты токтотуңуз!" деген плакаттарды көтөрүп алышкан.

"Бүгүн эртең менен Ак үйдүн алдына митингге чыккан болчубуз. Ал жактан маселе чечилбей Өкмөт үйүнүн алдына келдик. Элдин арасынан өкүл болуп 3 адам тиешелүү кызматтагы адамдар менен жолугуп, сүйлөшүүгө кирип кетишти", - деп билдирди соодагер Элнура Абдырахманова.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 14-октябрында аталган базар коопсуздук эрежелери, санитардык абал сакталбагандыгы үчүн жабылганын, андагы соодагерлер "Сары-Өзөн" базарына көчүшү керектигин Бишкек шаардык мэриясы жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.03.2017. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Dordoi motorsko kelgile baardyk warty bar
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: