super.kg logo

Бишкек шаарынын сейил бактарына чымчыктар үчүн 200 уя орнотулат

 

"Жашылдандыруу курулуш" муниципалдык ишканасынын билдирүүсү боюнча, калаанын сейил бактарына 200 уя орнотуу пландалууда. Шаардык кызматтардын кызматкерлери тарабынан 100дөн ашык уя даярдалды. Жаздын башталышы менен уялар орнотула баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 13-мартта кабарлады.

"Бак-дарактардагы зыянкечтерди тазалоо үчүн канаттууларды тартуу максатында орнотулат. Бир күндүн ичинде канаттуулар бир нече зыянкечтерди жок кылуулары мүмкүн. Канаттууларды тартуу менен шаардагы экологиялык кырдаал жакшыртылат", - деп жазылат мэриянын маалыматында.

Бишкек шаарынын мэриясы канаттуулар үчүн уя орнотууну каалагандарды катышууга чакырат. Мындан тышкары, 2017-жылы эмен, кара жыгач, каштан, жалпысынан 56 миӊ даракты зыянкечтерден тазалоо иштерин жүргүзүү пландалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
13.03.2017. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мэрия катуу иштеп аткан го. 200 уяга кетчу акчага Бишкектин кочолорундогу ямаларды жамап койсо соопко калат эле. Чымчыктар уя таап алышат, бирок айдоочулар тешиги жок жол таба албайт экен...
13.03.2017. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
alooke,сен тарыхтагы Алооке Кобоштун бирисин го э.200 уянын акчасы бир тешикти бутогонго жетпейт.бул да болсо фантазия,жаны ой жакшы идея.туура кылат
13.03.2017. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кулкун келет , айла жок ?
13.03.2017. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
200 уя учун канча акча кетиптир?
100миндеген акча кетпептирби иши кылып
13.03.2017. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чымчыктардан мурда авиакырсыктан жабыркагандарга уй салып берсенер болмок.
13.03.2017. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ал уяларды эмне кыласынар эми кырсыктан жабыркагандарга уя кылып бербейсинерби
13.03.2017. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: