super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Алиса аттуу түлкү кечкисин биз менен тамактанып кетет" дейт окурман

 

Тогуз-Торо районунун Дөдөмөл айылындагы 28-радиорелейлик станциясынын кызматкерлерине өткөн жылдын ноябрь айынан бери кечкисин Алиса аттуу түлкү келип тамактанып кетет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу бүгүн, 13-мартта окурманыбыз Амангелди Бүдүров кабарлады.

"Биз жашаган жакта кардын бийиктиги 1 метрден ашып, терезенин жарымына чейин келет. Алгач түлкүнүн издерин гана көрчүбүз. Бир күнү терезени ачып, нан таштап койгом. Нанды жеп кетип жатты. Дагы бир күнү балдар "түлкү жүрөт" деп калышты. Ошентип акырындык менен нан жеп, бизди терезеден карап туруп калчу болду. Аны өзүбүзгө көндүрүп, үйгө чейин киргизип калдык. Акырын кыймылдасаң жүрө берет. Өзүбүзгө тамак жасап жатканда ага да, ашыкча жасайбыз. Келип тамак ичет, кааласа телевизор көрүп кетип калат. Эшигибиз жабык болсо, тырмалап, дабыш чыгарат. Күндүз келбейт, бүркүттөн коркот окшойт. Азыр 2-3 күндө бир келип калды", - деди А.Бүдүров.

Ошондой эле окурман түлкүнүн жынысы белгисиз экенин айтып, болжол менен 1 жылдык экенин кошумчалады.

"Түлкү кыйтыр да, бизди байкап, жамандык кылбайт экенибизди билип алып келип жатат. Карышкыр болсо келбейт болчу. Адамдан коркпогону анын адамдан жамандык көрө элегинен кабар берет. Атын Алиса деп койгонбуз. Атынан чакырсак карайт, бирок атын угуп карайбы же үнүбүздү угуп карайбы белгисиз", - деп кошумчалады окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Алиса аттуу түлкү үйдөн тамак ичет

Алиса аттуу түлкү

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(24)
13.03.2017. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Кудайымдын кудурети! Жакшы мамиле айбанатка да жагат. Адамдар да бир-бирибизге мээримдүү бололу, иншалла.
14.03.2017. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
grace, туура!
13.03.2017. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Ээх кандай соонун, адамдын жамандыгын коро элек ошон учун чоочуркабай журот. Алисага жалпы Кыргыз элинен салам;)
13.03.2017. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Соонунгооо
13.03.2017. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
1999жылы биздин айылга сел келип уйдун королоруна Чоп саман агызып келген суу,суу кайтып эки күндөн кийин корону тазалап жатсак кирпичечен таап алдык жүгүрүп отундун түбүнө кирип кеткен.ошонтип кун жылып жай келди күндө эрте менен кородогу чөптөрдү жеп кайра кирип кетип жүргөн .Бара бара бизге көнүп уркой качпай турган болду ошонтип ал кирпи 2005жылга чейин биздин короодо жүрдү кийин көрүнбөй калды не жок болуп кеткен и белгисиз .
13.03.2017. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
AzKumFerDan,кирпилер журо берет да мен эс тартканымдан бери эле уйубуздо кирпи жашайт кобоюп кеткенде союп жеп да алабыз даары болот
13.03.2017. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Акылдуу тулку экен
13.03.2017. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Сонун го биз болсок эчак эле олтуруп коймокбус
13.03.2017. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Soonungo
13.03.2017. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Уйронуп калыптырго адамга
13.03.2017. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Байке смартфрн сиздики,эн сонун кабар болду.
13.03.2017. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Алиса.Атын дагы сонун койуптурсунар!Эми олтуро корбогуло...Акылдуу тулку экен.)
13.03.2017. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен муну мурунку айларда окуптурмун го биз менен телевизор ноутбук корот деп суротун да жиберишкен болчу...
13.03.2017. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
сонун кабар экен жакты мага))
14.03.2017. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Иииии соонун кабар экен аты да жакты жакшы адамдар экен чын эле багып алгыла эми
21.03.2017. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Eliza9393,жаз келсе кетип калбаса экен эми
14.03.2017. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байкуш тулкуго боорум ооруп кетти умут кылып, адамдардын уйуно келипатат жапайы жаныбар болсо да.
14.03.2017. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы жакшы) жылуу мамиле кимге гана жакпайт е? Болду эмесе смартфон сиздики ким колдойт мени
14.03.2017. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен да колдойм
14.03.2017. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен колдойм
14.03.2017. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чын эле мен деле болгондо коркуп таш менен урмакмын түлкү келди деп.
14.03.2017. 04:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Болду тууган менден бир смартфон эгер булар бербесе.абдан жакшы адамдар экенсинер АЛЛА ыраазы болсун силерге.
Медиа-портал
14.03.2017. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы Алиса уургун кобойто бер тууган
14.03.2017. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Смартфон кетти
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: