super.kg logo

Нарындык жардамга муктаж ата-эне: "Жалгыз кызыбызга шерик күтүп жатсак, Кудай бизге үч эм берди"

 
"Өзүбүздүн турак жайыбыз жок, буга чейин кайнагамдын үйүндө турчубуз", - дейт Айгүл Чотурова
Али, Амир, Ахмед учурда беш айлык болуп калышты
Капарбек Исаев жана Айгүл Чотурова балдары менен

Нарындын тургундары Капарбек Исаев жана Айгүл Чотурова 8 баланын ата-энеси. Айгүл Чотурованын SUPER.KG порталына билдиргени боюнча, жубайлардын үй-бүлөсүндө өткөн жылдын 25-октярында 3 эм төрөлгөн. Ага чейин алар 4 уул, 1 кызды тарбиялап келишкен.

"Биз кызыбызга шерик кылып, дагы бир кыздуу болсок дегенбиз. Күтүүсүздөн Кудай бизге дагы 3 эркек берди. Жубайым кош бойлуу кезинде дарыгерлер эгиз деп айтышкан, бирок үч эм экенин төрөт учурунда гана билдик. Мурда колуктумдун тайлары тарапта 3 эм төрөлгөн экен", - деди балдардын атасы Капарбек Исаев.

Үч эмди Айгүл Чотурова 40 жашында 1700, 1800,1900 грамм салмакта төрөп, Али, Амир, Ахмед деген аттар коюлган.

"Үч эмди багуу бир топ эле эмгекти, түйшүктү талап кылат экен. Буга чейин беш баланы чоңойтконум менен, бирден бакканга билинбей жүрүптүр. Учурда жолдошум экөөбүз эртеден кечке ушул балдар менен алекпиз. Бирибиз дүкөнгө чыгып кетсек, кайра келгенче экинчибиз жүдөп калабыз. Жолдошум иштебей мага жардамдашкандан бери каражат жагынан да кыйналдык. Улуу балам студент, жылына 30 миң сомдон контракт төлөйбүз, андан тышкары балдарымдын кийгени, тамак-ашы болуп жатып көп эле жетишпестиктер болот. Жалгыз уюмдун музоосун жылда чоңойтуп сатып, баламдын окуусуна төлөйбүз", - дейт Айгүл Чотурова

Төрөт үйүнөн чыккандан кийин балдары торолгончо жашап турганга Нарын облустук өкүлчүлүгү 2 айга шаардан 2 бөлмөлүү батирди ижарага алып берген. Андан кийинки бир айлык ижара акысын Ак-Талаа районунун акими, дагы бир айын Жерге-Тал айыл өкмөтү төлөгөн.

"Батирдин ижара акысы 12 миң сом, шарттары бала бакканга ыңгайлуу. Бирок мөөнөтү бүтүп жатат. Өзүбүздүн турак жайыбыз жок, буга чейин кайнагамдын үйүндө турчубуз. 8 балама 8700 жөлөк пул алабыз. Балдарга сүткө эле күн сайын 230 сомдон каражат жумшалат. Мындан тышкары жалаяк, кийим кече, башка балдарымдын чыгымдары бар. Кыйналганыбыздан 2 балабызды айылдагы туугандардыкына жөнөткөнбүз. "Үч эм дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө болуш керек, каралашканга адам табууга жардамдар өкмөт тарабынан берилет" дегенди угуп, мэрияга, облустук өкүлчүлүктөргө, дарыгерлерге көп кайрылдым. Андай мүмкүнчүлүктөр жоюлуп кеткен деген жоопту гана угуп келе жатам", - деп кошумчалады 8 баланын энеси.

Мурда Капарбек Исаев чарба иштерин, туш келген кара жумуштарды аткарып үй-бүлөсүнүн күнүмдүк керектөөлөрүнө каражат тапчу. Эми экөө тең бала кароого туура келгендиктен жубайлар турак жай маселесин чечүүгө жардам сурайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(10)
14.03.2017. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Өмүрлөрүн берсин, Кудайым.
14.03.2017. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Кудайым ден соолугу омуру менен берген болсун. Кудайым мындайды суйгон пендесине берет. Бар болунуздар,кудайым озу колдосун.
14.03.2017. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эмнеге көздөрүн жаап койгонсуңар
14.03.2017. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Uson13,жаш балага коз тийбесин деп
14.03.2017. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тел номерин жазып койбоитурсунарда жардам берет элек.
14.03.2017. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Маа Шаа Аллах ар бир бала оз ырыскысы мн торолот. омуру акылы ээси мн берген болсун
14.03.2017. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Омуру менен ата энеси бир туугандары менен чогуу болсун.Эмнеге ушул жашка чейин уйду салган эмес мумкунчулугу болсо керек эле.
14.03.2017. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Abubakir05, балким салгандыр кридит же башка маселе болуп калгандыр Аллах бир жагынан берсе бир жагынан тартып коёт дешетго
nur_zhoni түзөттү 2017-03-14 22:10:21
15.03.2017. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bewik boosy bek bolsyn.
25.03.2017. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы, Elcinor! Сизге чон рахмат, олкобуздо Сиздей адамдар коп болсо колу жука уй-булоолорго жакшы болмок. Жардам берем десениз тел: 0(707) 701221. Менин атым Мамбет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: